КММАда эндовидеохирургия боюнча конференция өттү
Билим берүү 1 20 Декабрь 2022

2022-жылдын 19-декабрынан 20-декабрына чейин

Кыргызстандын Медициналык академиясынын имаратында эндохирургия боюнча биринчи эл аралык конференция өттү. Иш-чаранын уюштуруучулары – Какиш Рыскулова атындагы факультеттин хирургия кафедрасы жана Кыргыз Республикасынын Эндоскопиялык хирургдар ассоциациясы. Конференциянын координаторлору болуп кафедра башчысы, м.и.д., профессор Рахатбек Оморов жана Кыргыз Республикасынын Эндоскопиялык хирургдар ассоциациясынын президенти, хирург, онколог Бакыт Токтогазиев иш алып барышты.

Конференциянын алкагында Япония, Орусия жана Кыргызстандын профессорлору операциялык бөлмөдөн онлайн берүүлөрдү жүргүзүп, тамак сиңирүү органдарынын оорулары боюнча баяндамаларды окушту. Конференцияда 13 доклад окулду.

Мастер-классты Япониядан келген PhD профессору Томохико Мориамо жана хирург-эндоскопист Талант Саламакунов, ошондой эле Станислав Будзинский өткөрүштү.

Бул иш-чара адистерге - хирургдарга, эндоскописттерге, онкологдорго, гастроэнтерологдорго багытталган.