КММАда "Мите курт ооруларынын башаты" конференция болуп өттү
Белим берүү 1 24 Декабрь 2020

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Баткен, Талас, Нарын малекеттик университеттеринин жана Сүлүктү аймактык институтунун студенттеринин арасында "Мите курт ооруларынын башаты" аттуу чоң темадагы конференция болуп өттү.

Үч саатка созулган конференцияда мите курттардын түрлөрү, таралышы, эпидемиологиялык абалы, адамга зыяндуулугу, алдын алуу жана алар менен күрөшүү жөнүндө кеңири талкуу жүрдү.

Айта кетсек, конференцияны КММанын медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасынын окутуучусу, биология илимдеринин кандидаты Курсанбек Раимкулов өткөрдү.