КММАда Эл аралык гистолог күнүнө арналган конференция өттү
Билим берүү 14 Март 2025
Бүгүн, 2025-жылдын 14-мартында, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Эл аралык гистолог күнүнө арналган конференция өттү. Иш-чарага студенттер жана окутуучулар чогулуп, гистология жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулап, анын тарыхы жана заманбап жетишкендиктерине арналган баяндамаларды укту.
 
 
Конференциянын ачылышында академиянын проректорлору Ниязбек Маматов, Мускай Исмаилбеков, “Дарылоо иши” факультетинин деканы Зиябидин Абдраимов жана гистология, эмбриология жана башка кафедралардын жетекчилери куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Программага илимий баяндамалар менен бирге маданий иш-чаралар да кирди. Катышуучулар Теодор Шванндын илимдеги орду, Индиядагы гистологиянын өнүгүү тарыхы жана Карл Бенддин митохондриялар боюнча изилдөөлөрү тууралуу баяндамаларды угушту. Өзгөчө көңүл органоиддер, эмбриологиялык изилдөөлөрдүн ыкмалары жана ткандардын регенерациясы сыяктуу заманбап темаларга бурулду.
Иш-чаранын маданий бөлүгү студенттер аткарган бий номурлары менен коштолду. Кыргыз жана индиялык бийлер илимий программага жарык маанай тартуулап, достук жана маданияттар аралык алака-катышты бекемдеди.
Конференция клетканын бөлүнүшү, флуоресценттик микроскопия жана ткандардын картаюусу темаларындагы баяндамалар менен жыйынтыкталды. Андан кийин студенттер жана окутуучулар комузда аткарылган улуттук музыка жана акыркы бий номурларын көрүп, ырахат алышты.
 
Иш-чара дагы бир жолу гистологиянын медицинада өткөндү, азыркы учурду жана келечекти байланыштырып турган маанилүү илим экенин баса белгиледи.