Маммолог-онкологдордун эл аралык илимий-практикалык конференциясы
Билим берүү 0 9 Февраль 2024

2024-жылдын 9-февралында И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын башкы корпусунда нур менен дарт аныктоо жана нур менен дарылоо кафедрасынын башчысы А.И. Кадырова жана кызматкерлер тарабынан уюштурулган "Маммографиялык изилдөөнү баалоого системалуу мамиле" жана "Сүт безинин рагын аныктоодо жасалма интеллекттин ролу" темасындагы онколог-маммологдордун эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.

Москвадан чакырылган лекторлор: сүт безинин ооруларын мультимодалдык дарт аныктоо боюнча көз карандысыз эксперт - Чернобыльский Артем Евгеньевич, ошондой эле жасалма интеллект боюнча эксперт - СберМедиадагы медицина багытынын жетекчиси Пучкова Ольга Сергеевна. Лекциялар онлайн жана оффлайн форматында өткөрүлдү.


Угуучулар дарыгерлер жана ординаторлор онкологдор, маммологдор жана рентгенологдор болушту.