КММАда нормалдуу жана топографиялык анатомия боюнча эл аралык олимпиада өттү
Белим берүү 2 23 Май 2022

Ушул жылдын 21-майында И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын конференц-залында нормалдуу жана топографиялык анатомия боюнча студенттердин эл аралык олимпиадасы болуп өттү. Олимпиадага Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 13 команда катышты. Гран-прини А.Маткасымов, Б.Сариева, А.Осмонов, А.Кадырова, А.Жапарова, С.Токоевден турган КММАнын «Карлеон үй-бүлөсү» командасы жеңип алды. Топтун жетекчиси Аида Абдыкеримова.

Олимпиада эки тилде өткөндүктөн, англис тилдүү командалар да катышты. Белгилей кетсек, И.К. атындагы Кыргызстандын Медициналык академиясынын чет элдик студенттер командасы учунчу орунга татыктуу болушту.

Студенттерибизди жеңиши менен куттуктайбыз!