КММАда радиациялык коопсуздук боюнча факультеттер аралык олимпиада болуп өттү
Белим берүү 2 28 Апрель 2022

Жакында И.К.Ахунбаев атындагы КММАда 3-курстун студенттери арасында «Радиациялык коопсуздукту камсыздоо маселелери» темасында жалпы гигиена кафедрасы тарабынан өткөрүлгөн факультеттер аралык олимпиада болуп өттү.

Олимпиада ачылышында, жалпы гигиена кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, доцент А.Жорбаева сөз сүйлөдү.

Олимпиадага 7 команда катышып, калыстар тобунун чечими боюнча 1-орунду Педиатрия факультетинин «8-элемент» командасы ээледи. 2-орунга жалпы медицина факультетинин студенттери «Полоний» командасы, 3-орун Педиатрия факультетинин «Дети Атома» командасына ыйгарылды.

Калган командаларга кызыктыруучу сыйлыктар жана олимпиаданын бардык катышуучуларына сертификаттар тапшырылды.