КММАда Мюнхенден келген балдар кардиологунун лекциясы өттү
Белим берүү 0 9 Июнь 2022

2022-жылдын 8-июнунда Германиянын Мюнхен шаарынан келген балдар кардиологу Dr. Гилдейн балдардын кардиологиясы жана балдардын жүрөк-кан тамыр системасынын патологиясы боюнча Кыргызстанга үй-бүлөсү менен SES программасынын алкагында КММАнын эл аралык бөлүмүнүн кызматташуусу менен келди. Айта кетсек, ал факультеттик педиатрия кафедрасында иштеп, консультацияларды берип, эхокардиография жүргүзүүдө.

   

Лекциянын жүрүшүндө студенттер, ординаторлор дарыгерге түздөн-түз суроолорун берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

   

Мындан тышкары, анын жубайы педиатр Фрау Dr. Гилден да Германияда медициналык факультеттин студенттерин даярдоонун структурасы, дарыгерлердин адистиги кандай ишке ашат, кандай этаптардан өтөт, Германияда педиатр кандай жөндөмгө ээ болушу керектиги, Германияда жеке клиникаңызды кантип ачса болоору тууралуу жалпы маалымат берди. Белгилей кетсек, Фрау Гильдендин Мюнхенде өзүнүн жеке балдар клиникасы бар.