КММАда балдар ооруларынын пропедевтикасы боюнча олимпиада болуп өттү
Белим берүү 6 26 Апрель 2021

2021-жылы 23-апрелде Кыргызстандын Медициналык академиясынын жыйындар залында балдар ооруларынын пропедевтикасы боюнча олимпиада болуп өттү. Олимпиадага Дарылоо иши факультети №1 "Смешарики", Дарылоо иши №2 "Фиксики" жана Педиатриядан "Нави" командалары катышты.

Мелдештин жыйынтыгында Нави командасы биринчи орунду, Смешарики командасы экинчи орунду жана Фиксики командасы үчүнчү орунду ээлешти.

Олимпиаданын катышуучуларын КММАнын ректору, профессор Индира Кудайбергенова жылуу тосуп алып, аларга ийгилик каалады.