КММАда Эразмус+ Академиялык мобилдүүлүктүн катышуучуларынын презентациясы болуп өттү
Белим берүү 0 9 Июнь 2022

КММанын Эл аралык байланыштар бөлүмү Эразмус+ академиялык мобилдүүлүктүн катышуучуларынын презентацияларын уюштурду.

Жакында, коомдук саламаттык жана саламаттыкты сактоо кафедрасынын окутуучусу Т.Кудайбергенова жана эпидемиология кафедрасынын ординатору А.Осмоналиева Чыгыш Финляндия университетинде стажировкадан/окуудан өткөнү боюнча презентация өткөрүштү. КММА менен Чыгыш Финляндия университетинин ортосунда институттар аралык келишим түзүлгөн (Erasmus+ академиялык мобилдүүлүк программасы). Катышуучулар мобилдүүлүктүн шарттары менен кеңири тааныша алышты.