КММАда психиатрлардын республикалык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү
Билим берүү 0 19 Декабрь 2022

2022-жылдын 16-декабрында И.К.Ахунбаев атындагы КММАда Кыргыз психиатрлар ассоциациясы психиатрлар, наркологдор жана психотерапевттер үчүн профессор В.Соложенкиндин жаркын элесине арналган “Психиатриялык окуулар” республикалык илимий-практикалык конференциясын өткөрдү.

Конференциянын алкагында республиканын медициналык жогорку окуу жайларынын врач-окумуштууларынын, практиктеринин, окутуучуларынын психикалык оорулардын маселелери жана аларды дарылоонун ыкмалары боюнча докладдары окулду. Андан соң чыныгы көйгөй боюнча кызыктуу талкуу болду.