КММАда медайымдык билим берүүнү өнүктүрүү боюнча семинар болуп өттү
Белим берүү 0 30 Август 2022

2022-жылдын 30-августунда Кыргызстандын Медициналык академиясында «Кыргыз Республикасындагы медайымдык иштин өнүгүшү: маалыматтарды талдоо ыкмалары» аттуу онлайн жана оффлайн форматта изилдөө семинары болуп өттү.

Семинарга КММАдан Юсупова Т.Б. баш эл аралык байланыштар бөлүмү, Султашев А.Ж. баш Сапатты башкаруу бөлүмү, медайымдык иши кафедрасыны өкүлдөрү жана Кэнг Хи университетинин өкүлдөрү катышышты.

Иш-чаранын максаты - Кыргыз Республикасында медайымдык ишти өнүктүрүү боюнча изилдөөлөрдүн методологиясын түшүнүү, фокус-топтук интервьюнун маалыматтарын талдоо жана маалыматтарын пайдалануу менен медайымдык компетенцияларды өнүктүрүү үчүн контент-анализ жүргүзүү, изилдөө жана КММАнын медайымдык иши кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамынын лидерлик потенциалын жогорулатуу.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар контролдук талкуу өткөрүп, бир команда болуп иштешти, ошондой эле командалык иштердин презентацияларын көрсөтүштү.