КММАда бош орундардын жарманкеси болуп өттү
Билим берүү 0 25 Апрель 2023
2022-жылдын 25-апрелинде И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекттик медициналык акдемиясында КР Саламаттык сактоо министрлигинин, окуу жайдын жетекчилигинин, облустардын социалдык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарларынын жана аймактык координаторлордун катышуусунда 2023 -жылы ординатуранын бүтүрүүчүлөрү үчүн жыл сайын өтүүчү бош орундардын жарманкеси болуп өттү.
Быйыл КММАда ординатураны 845 адам бүтүрсө, анын 105и бюджеттик.
Жалпы медицина – 35 адистик боюнча (413 адам), педиатрия – 13 адистик боюнча (85 адам), стоматология – 8 адистик боюнча (189 адам), дарылоо-профилактикалык жардам – 4 адистик боюнча (61 адам), фармация – 97 адам.
 
 
Бүгүнкү күндө республиканын аймактарында медициналык кадрлардын кескин жетишсиздиги байкалууда, анткени бүтүрүүчүлөрдүн негизги бөлүгү шаарларда иштөө үчүн калып, жаш адистер айыл жергесинде иштөөгө кызыкдар эмес. Алсак, аймактар ​​боюнча 2023-жылдын 1-апрелине карата медициналык кадрлардын жетишсиздиги байкалууда: • Жалал-Абад облусунда - 223 адис, • Баткен облусунда - 95, • Ош облусунда - 139, • Нарын облусунда - 165; • Талас облусунда – 122; • Ысык-Көл облусунда – 183; • Чүй облусунда – 210.