КММАнын РДДБда жыл сайын өтүүчү «Мыкты пропедевт-2023» олимпиадасы болуп өттү
Билим берүү 0 2 Май 2023

И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын Республикалык диагностикалык жана дарылоо борборунда ички оорулардын пропедевтикасы эндокринология курсу менен кафедрасы тарабынан жыл сайын уюштурулган «Мыкты пропедевт -2023» олимпиадасы болуп өттү. Ага «Медицина», «Фармация», «Педиатрия» факультеттеринин студенттери катышты. Дарылоо иши факультетинин 2-курсунун мыкты студенттеринен 4 команда түзүлүп, 40 студентти түздү. Катышуучулар бейтапты базалык текшерүүдө жакшы практикалык көндүмдөрдү жана компетенцияларды көрсөтүштү. Сынактын жыйынтыгы боюнча студенттерге дипломдор жана сертификаттар, окуу адабияттары, ошондой эле демөөрчүлөр тарабынан эстелик белектер тапшырылды.