Германиядан келген волонтер КММАнын каалоочуларына немис тилин үйрөтөт
Белим берүү 2 27 Апрель 2022

И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын студенттерине немис тилин үйрөтүү боюнча волонтер катары КММАга Германиядан Марго Кристиансен келди. Марго өзү ооруканада адам ресурстары бөлүмүнүн кызматкери болуп көп убакыт иштеген. Учурда ал пенсияда.

КММАнын Эл аралык байланыштар бөлүмү, Латын жана чет тилдери кафедрасы жана Чет тилдерин изилдөө борбору тарабынан A2 деңгээлинде немис тилин үйрөнө баштаган студенттердин топтору уюштурулду. Демилге акыркы эмес, ийгиликтүү болот деп ишенебиз, анткени май айында, ошондой эле сентябрь айында немис тили мугалимдеринин келиши күтүлүүдө.