Нарын облусунун өкүлдөрүнүн КММАнын студенттери жана ординаторлору менен жолугушуусу
Билим берүү 0 16 Февраль 2023

2023-жылдын 16-февралында И.К.Ахунбаев атындагы КММАда Нарын шаарынын мэриясынын, администрациясынын, ҮМБнын жана Жалпы дарыгердик практика борборунун (ЖДПБ) өкүлдөрү менен окуу жайдын студенттери жана ординаторлору менен максаттуу даярдоо маселеси боюнча жолугушуусу болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө окуу жайдын ректору Индира Кудайбергенова ачылыш сөзүн сүйлөп, келген конокторду тааныштырды.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Садыкова өз сөзүндө облустта медицина тармагындагы адистерге болгон муктаждыктын зор экендигине токтолуп, студенттерге окуу акысын төлөп жана дагы стипендиялык колдоо көрсөтөөрүн, ошондой эле ординаторлорду турак-жай менен камсыз кылуу менен бирге эмгек акысын төлөп берээрин белгилеп кетти.

Андан соң облустук ЖДПБнын директорлору жыйындын катышуучуларына тааныштыруу баяндамаларын жана ординаторлордун жашоо шарттары менен тааныштырды.

Соңунда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, ар тараптуу жооп ала алышты.