КММАнын бүтүрүү курсу Казакстан Эл аралык саламаттыкты сактоо көргөзмөсүнө барышты
Белим берүү 0 25 Май 2022

2022-жылдын 19-майында И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын стоматология факультетинин ординаторлору жана аспиранттары хирургиялык стоматолгия кафедрасынын ассистенти Урмат Шаршеновдун жетекчилиги астында Алматыда болуп өткөн «KIHE-2022»  Казакстан Эл аралык саламаттыкты сактоо көргөзмөсүнө катышты.

Көргөзмөгө 22 өлкөдөн 237 экспонент катышты. Быйылкы жылы 237 ишкана өүнүн жетишкендиктерин көрсөттү. Экспозициянын жалпы аянты 4375 кв.м.

Биздин ординаторлор жана студенттер стоматология тармагындагы акыркы технологиялар жана материалдар менен таанышып, алардын иштерин визуалдык түрдө көрүү менен бирге тажрыйба  кылууга да жетишти.