Кылычбек Жоошевдин 70 жылдыгына арналган юбилейлик илимий-практикалык конференция
Белим берүү 1 3 Декабрь 2022
2022-жылдын 3-декабрында Кыргызстандын Медициналык академиясынын имаратында Жоошев Кылычбек Турганбековичтин 70 жылдыгына арналган мааракелик илимий-практикалык конференция болуп өттү.
 
Иш-чаранын ачылышында белгилүү хирургдын кызы Нелли Ахунбаева, КММАнын проректору, профессор Кеңешбек Ырысов, Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана ата мекендик медицинанын көрүнүктүү ишмерлери куттуктоо жана эскерүү сөздөрүн айтышты.
 
 
Пленардык жыйында конференциянын катышуучуларынын отчетторун карап чыгышты. Жолугушуу чыгармачылык, достук кырдаалда активдүү талкуу жана конструктивдүү диалог режиминде өттү. Бардык катышуучулар жогорку кызыгууну көрсөтүштү, алар кардиохирургияны өнүктүрүүнүн заманбап тажрыйбасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
 
 
Белгилей кетсек, Кылычбек Жоошев Кыргызстандагы алдыңкы кардиохирургдардын бири, академик И.К.Ахунбаевдин шакирти болгон. Ошондой эле перфузиолог, анестезиолог-реаниматолог, медицина илимдеринин кандидаты жана Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери.