КММА 5-Эл аралык жогорку окуу жайларынын көргөзмөсүнө катышты
Эл аралык ишмердик 0 17 Май 2023

КММА Польшанын Гданьск шаарында өткөн 5-Эл аралык жогорку окуу жайларынын көргөзмөсүнө катышты.

  

Көргөзмө КММАнын өнөктөшү Польшадагы Повислански университети тарабынан уюштурулган.

Көргөзмөгө Армения, Түркия, Молдова, Индия, Тунис, Уганда, Иордания, Палестина, Косово, Албания, Болгария, Марокконун өкүлдөрү катышууда - алар дагы өздөрүнүн университеттерин жана билим берүү программаларын тартуулашат.

Көргөзмөдө КММАнын атынан эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нурзада Дюшеева катышууда.