КММАдагы “Жугуштуу оорулардын актуалдуу көйгөйлөрү" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция
Эл аралык ишмердик 19 Февраль 2025

Бүгүн  2025-жылдын  19-февралында  “Жугуштуу оорулардын актуалдуу  көйгөйлөрү”  аттуу  эл аралык   илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференция   И. К.  Ахунбаев атындагы КММАнын демилгеси боюнча  Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигинин “Башкыр мамлекеттик медициналык университети” менен биргеликте уюштурулган.                                  

 

Конференция Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов менен илимий жана дарылоо иштери боюнча проректор Ниязбек Маматовдун саламдашуу сөздөрү менен ачылып, жана ошондой эле  Казакстан, Өзбекстан, Беларусь, Россия Федерациясы жана Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдүн окумуштуулары жугуштуу оорулар жаатындагы актуалдуу илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен алмашышты.

Мындай деңгээлдеги конференцияны өткөрүүнүн негизги максаты инфектология, эпидемиология жана паразитология жаатындагы алдыңкы тажрыйба жана билим менен бөлүшүү болуп саналат. Бул илимий иш-чара   жугуштуу ооруларды дарылоо жана алдын алуу жаатындагы илимий изилдөө процессин жакшыртууга салым кошуп, андан ары натыйжалуу иштөөгө түрткү болуп, жугуштуу оорулардын эпидемиологиясы жана алдын алуу боюнча актуалдуу теориялык жана практикалык маселелерди талкуулоого жана алардын алдын алуунун жаңы ыкмаларын биргелешип иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берди.

Конференциянын илимий программасы жугуштуу оорулардын  ар түрдүү :  АИЖВ -инфекция, вирустук гепатит, КРВИ, БАэМО, ичеги паразитоздору, Covid 19, рационалдуу антибиотикотерапия, вакцинанын алдын алуу сыяктуу көйгөйлөрдү  бириктирди.

Конференциянын катышуучулары үч секцияга  бөлүнүштү: чоңдор жана балдардын жугуштуу оорулары жана жаш окумуштуулар сынагы. Конференциянын жүрүшүндө 37 баяндама  жасалды. Белгилей кетүүчү нерсе, көрсөтүлгөн оорулар дүйнөнүн ар кайсы аймактарында актуалдуу бойдон калууда, ошондуктан  баяндамалар  аудиториянын кызыгуусун арттырды.

Суроолор тигил же бул өлкөлөрдө оорулардын таралышы, вакциналардын болушу, дарылоо ыкмалары, алдын алуу жана жугуштуу ооруларды аныктоонун жаңы методдору жөнүндө болду. Иш-чара жогоруда аталган медициналык ЖОЖдордун профессордук-окутуучулук курамынын чоң кызыгуусун жаратты.