“Глобалдашуу жана санариптик трансформация доорундагы дүйнөлүк илим жана заманбап чакырыктар” Эл аралык илимий форуму
Эл аралык ишмердик 0 22 Апрель 2022

Үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында «Глобалдашуу жана санариптик трансформация доорундагы дүйнөлүк илим жана заманбап чакырыктар» Эл аралык илимий форумунун ачылышы болуп өттү, анын уюштуруучуларынын бири И.К.Ахунбаев атындагы м Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы.

КММАда болуп өткөн «Медицина» секциясынын пленардык жыйынына окуу жайдын өкүлдөрү – илим жана медицина иштери боюнча проректору Ниязбек Маматов, тармактар ​​аралык биомедициналык илимий изилдөө борборунун директору Улан Кундашев, жогорку окуу жайдын декандары жана кызматкерлери катышышты.

Эксперттер өз баяндамаларында темалардын кеңири спектрин козгошту: онкопатологияны дарылоо, илимий басылмаларды текшерүү үчүн компьютердик программаны өркүндөтүү, экстракорпоралдык уруктандыруу, урологиялык хирургиянын жаңы горизонттору, COVID-19га баа берүү жана башкалар.

Өлкөнүн жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү жана КММАнын окумуштуулары келечектүү илимий багыттарга, инновациялык иштеп чыгууларга, технологияларга, ошондой эле заманбап медицинанын материалдарына тиешелүү актуалдуу маселелерди талкуулашты.