КММАнын ректорунун Россиянын Свердлов облусунун окмөтүнүн, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен онлайн жолугушуусу
Эл аралык ишмердик 20 Февраль 2025

2025-жылдын 20-февраль күнү  Свердлов облусунун Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана И. К. Ахунбаев атындагы КММАнын өкүлдөрүнүн ортосунда  Свердлов облусунун жогорку жана орто звенодогу билим берүү мекемелеринде медициналык тармактын адистерин даярдоо маселелерин талкуулоо үчүн онлайн жолугушуу болуп өттү.

 

           Жолугушуунун  жүрүшүндө  катышуучулар тар чөйрөдөгү адистер:  акушер-гинекологдор, хирургдар, травматологдор, эпидемиологдор, санитардык дарыгерлер, лабораториялык адистер, реабилитолог- дарыгерлерди  даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

          Ошондой эле, өз ара кызыкчылык туудурган тематикалар боюнча ВКС форматында сүйлөшүүлөрдүн сериясын улантуу, кийинки иш-чаранын датасын жана өткөрүлүшүн макулдашуу жана Свердлов облусунун делегациясынын Бишкек шаарына  иш сапарын  даярдоо жөнүндө маселелер талкууланды. Жолугушууга КММАнын ректору, профессор И.О.Кудайбергенова, илимий жана дарылоо иштери боюнча проректор Н.Маматов жана ЖОЖдун башка кызматкерлери катышты.