КММАнын окутуучулары TOGAS долбоорунун эл аралык конференциясына катышышты
Эл аралык ишмердик 23 Сентябрь 2024
Профессор Молдобаева М.С. жана ассистент Атакулов Б. А. 2024-жылдын 12-сентябрында ПортУ шаарында (Португалия) өткөн TOGAS долбоорунун ("Европа биримдигинде ашказан рагынын скринингин киргизүү жолунда") эл аралык конференциясына катышышты.
 
 
Конференцияда алар Кыргызстандын ашказан рагынын алдын алуу жана эрте диагноз коюу жаатындагы потенциалына, ошондой эле өлкөнүн TOGAS долбооруна катышуусу мүмкүндүгүнө арналган баяндама жасашты. Долбоор ашказан рагын скринингдин натыйжалуу ыкмаларын изилдөөгө жана иштеп чыгууга багытталган. КММАнын өкүлдөрү өз баяндамасында бул жаатта изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, Кыргызстан бул көйгөйдүн жогорку актуалдуулугунан улам скрининг программасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин белгилешти.
TOGAS долбоорунун негизги аспектилеринин бири — ашказан рагы үчүн негизги коркунуч фактору болгон хеликобактер менен күрөшүү. Мурунку изилдөөлөргө ылайык, бул бактерияны жок кылуу ашказан рагынан өлүмдү 40% га чейин азайтышы мүмкүн. КММАнын окутуучулары Кыргызстанда бул алдын алуу чараларын ишке киргизүү менен байланышкан перспективаларды жана чакырыктарды, ошондой эле эл аралык практикаларды жергиликтүү шарттарга адаптациялоонун маанилүүлүгүн талкуулашты.