18-октябрында кыргыз тили кафедрасынын башчысы, куратор Абдырасулова Э.К. кураторлук иш алып барган
22 Октябрь 2025

  √1 дарылоо иши факультетинин 1-курс 3-тайпасынын студенттери менен Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейине барып келишти. Негизги максат - студенттердин көркөм өнөргө болгон кызыгуусун арттыруу, улуттук жана дүйнөлүк сүрөт өнөрүнүн мыкты үлгүлөрү менен тааныштыруу болду. Музейден кыргыз жана чет элдик сүрөтчүлөрдүн картиналары, айкелдери, кол өнөрчүлүк чыгармалары менен таанышып келишти. Студенттер ар бир экспонаттын тарыхы, мааниси жана авторлору жөнүндө кеңири маалымат алышып, таасирленуу менен пикир алмашышты