«Ак калпак» жана «Кыргыз мамлекеттик туу» күндѳрүнѳ карата арналган чоң масштабдуу куратордук саат
0 5 Март 2024

И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын фармакогнозия жана дары каражаттарынын химиясы кафедрасы 2024-жылдын 4-5-марттарында «Ак калпак»  жана «Кыргыз мамлекеттик туу» күндѳрүнѳ карата арналган  чоң масштабдуу куратордук саат  ѳткѳрүлдү.

Бул иш чараны ѳткѳрүүдѳ кафедранын башчысы Мураталиева Анарбү Джапаровна жана кафедранын окутуучулары: Арапбаева Г.М., Наматпаева А.Р., Абдырасулова Ф.Б., Мураталиева Ай.Д., Капаров Б.М., Токторбек кызы Д, Мукашова А.С., Байсеитова А.Ж., Эрмекова Д.У., Жалалова Н.К., Маматов Ж.К., Муратбекова З.М. ошондой эле «Фармация» факультетинин студенттери катышышты.

Бул майрамга арналган куратордук сааттын максаты - кыргыздын улуттук баш кийими болгон ак калпактын улуулугун, ыйыктыгын, бийиктигин белгилеп, анын кийүү эрежелерин, түрлѳрүн, оймо – чийме белгилеринин маанисин, ѳзгѳчѳлүгүн студенттер менен биргеликте даңазалоо.

Калпакты кийип жүрүү менен жаштар ата – бабаларыбыздын каада салтын, мурасын, намысын бийик тутуп, сактап , муундан – муунга улап,  патриоттук  сезимдери күчѳйт.