Түрк дүйнөсүнүн ортопеддеринин жана травматологдорунун 4 конгресси ….
13 Июнь 2024

5-июндан 7-июнга чейин Шератон мейманканасында түрк дүйнөсүнүн ортопеддеринин жана травматологдорунун 4 конгресси болуп өттү.

 Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Кипр, Босния Герцоговина ж. б. 200дөн ашык делегаттар жана Россия Федерациясынын субьекттери, Хакасия, Тыва Республикасы, Татарстан ж.б.у.с. көптөгөн өлкөлөр катышты.

Конгресс төрт  тилде өттү, 150дөн ашык илимий изилдөөлөр даярдалды жана кеңири маалымат  берилди.

Конгресске Министрлер Кабинетинин төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров катышты.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө акыркы 3 жылдан бери саламаттык сактоо тармагына мамлекет тарабынан артыкчылыктуу көңүл бурулуп жатканын белгилеп, ошондой эле Кыргызстанда таанылган 300дөн ашуун окумуштууну чогулткан бул иш-чараны уюштурууда, медицина илимдеринин доктору, профессор, академик, эмгек сиңирген дарыгер Сабырбек Жумабековдун салымы чоң экенин белгиледи.

Съезддин жүрүшүндө медицина илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын жана Россия илимдер академиясынын академиги, И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын травматология, ортопедия жана ЭХ кафедрасынын башчысы Сабырбек Жумабеков, КММАнын травматология, ортопедия жана ЭХ  кафедрасынын ассистенти Элина Джамалбекова жана Самат Мамырбаев өз докладдарына баяндама жасашты.