КММА кызматкерлери Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун медициналык колледжинин студенттерине лекция окушту
0 8 Декабрь 2023

2023-жылдын 6 - декабрь күнү Баткен Мамлекеттик университетине караштуу А.А. Машрапов атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун медициналык колледжинин студенттери үчүн "Эндокриндик системасындагы гармондордун өрчүүдөгү орду" деген темада конок лекция өткөрүлду.

Конок лекторлор: И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасын жетекчиси, медицина илимдеринин доктору, профессор Куттубаев Өмүрбек Ташыбекович жана б.и.к., доценттин м.а. Раимкулов Курсанбек Мамасалиевич болду.

Лекторлор өздөрүнүн лекцияларында адамдын ички эндокриндик системасындагы гормондордун орду тууралуу кеңири маалымат беришти. Бул лекцияда эпифиз, гипофиз ж.б. гормондорго кеңири токтолуп, алардын ар биринин аткарган кызматына жана түзүлүшүнө кеңири токтолду. Лекция учурунда лекторлор студенттердин ар кандай суроолоруна жооп берип, лекция жемиштүү болду.

Кызыктуу жана пайдалуу маалыматтары үчүн лекторлорго ыраазычылык билдиребиз! Иштерине ийгилик жана ден соолук каалайбыз!