КММАда «Аруу дүйнөм тилим менен чагылат” аттуу чыгармачылык кече болуп өттү
4 7 Октябрь 2021

2021-жылдын 6-октябрында КММАнын “Ардактуу кызматкери”, физика адистиги боюнча доцент Канышай Абдыбалиеванын «Аруу дүйнөм тилим менен чагылат” аттуу чакан чыгармачылык жолугушуусу болуп өттү.

Кечеге КММанын Мамлекттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Сапаргуль Наралиева, Мамлекттик тил комиссиясынын мүчөс Анипа Орозалиева, кыргыз тили кафедрасынын башчысы Эльмира Абдрасулова, кыргыз тил кафедрасынын окутуучулары жана студенттер катышты.

Майрамдык кеченин алкагында окутуучулар жана студенттер К.Абдывалиеванын чыгармаларынан көркөм окушту. Кечени физика, математика, информатика жана кыргыз тили кафедралары биргеликте уюштурушту. Белгилей кетсек, К.Абдывалиева үч ырлар топтому “Кубакуш”, “Жанзирек”, “Жашоо даамы” китептеринин автору.