КММАда Тил күнүнө арналган иш-чара болуп өттү
23 Сентябрь 2025
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында (КММА) Кыргыз тилинин күнү белгиленип, ага арналган иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
 
 
Иш-чараны Кыргыз тил кафедрасы жана Кыргыз тили сектору биргелешип, Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Мускай Исмаилбековдун жетекчилиги астында уюштурушту.
 
 
Иш-чарага КММАнын ректору, профессор И.Кудайбергенова да катышып, студенттерди жана окутуучуларды куттуктоо сөзү менен кайрылды. Ал өз сөзүндө мамлекеттик тилдин илим-билимдеги, коомдук турмуштагы жана медицина тармагындагы маанисин белгилеп, кыргыз тилин өнүктүрүү жана ар бир жаран күнүмдүк жашоодо колдонуу зарылдыгын баса белгиледи.
 
 
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер ырлардан, чыгармалардан үзүндү окуп, чакан сахналык көрүнүштөрдү көрсөтүштү. Катышуучулар кыргыз тилинин улуттук биримдиктеги жана маданий мурастагы орду тууралуу терең ойлорго жетишти.