КММАнын өкүлдөрү мамлекеттик тил боюнча конференцияга катышты
3 24 Сентябрь 2020

Бүгүн, 2020-жылдын 23-сентябрында И.К. Ахунбаев атындагы Медакадемиянын мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын мүчөлөрү, мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун жооптуу кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамтил комиссиясы тарабынан уюштурулган республикалык онлайн конференциянын ишине катышышты.


Алар конференциянын жүрүшүндө мамлекеттик тилдин өнүгүшү боюнча республиканын окуу жайларында жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу жумуштар тууралуу маалымат алышты жана КММАдагы иш-чаралар жөнүндө айтып беришти.