КММАнын кыргыз тили кафедрасынын мугалимдери ачык сабактарды өтүштү
3 8 Май 2019

И.К.Ахунбаев атындагы кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу Ж. Анарбаева “Токтогул Сатылганов–демократ акын” аттуу ачык сабагына КРдин эл артисти, обончу жана аткаруучу, төкмө акын Элмирбек Иманалиев өзүнүн шакирттери менен катышып, студенттер менен маек куруп, ырларынан аткарып, өнөрдөгү устаты тууралуу кызыктуу маалыматтар менен бөлүштү. Ошондой эле “Акындар поэзиясы” деген темада кафедранын окутуучусу А. Акылбекова да сабак өтүп, ал сабакка жаш таңдай акын Муххамед Султанов жана жаш манасчы жана алып баруучу Азиз Биймырза уулу катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. 

Мындай жолугушуулар студенттердин кыргыз маданиятына, улуттук балуулуктарга, улуу мурастарыбызды таанып-билүүгө болгон кызыгуусун артырат деп ишенебиз дейт кыргыз тили кафедрасынын башчысы, доцент Эльмира Абдырасулова.