КММАнын студенттери жеңишке жетишти
1 11 Декабрь 2018

2018-жылдын 7-декабрында  Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунда Кыргыз Республикасынын  Президентинин 2017-жылдын 20-апрелиндеги №81 Жарлыгына ылайык КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын 16-февралындагы буйругу менен   Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын эң мыкты изилдеген республикалык студенттик  изилдөө  конкурсунун   жыйынтыктоо аземи болуп өттү.

Аталган конкурска И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын студенттерин кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучусу Касымбекова Нурида Жумагуловна жетектеп барып, төмөнкүдөй жыйынтыктарга ээ болушту: Кубанычбек кызы Назгүл, дарылоо иши факультети, 3-курс,13-группа (баш байге, 45000сом акчалай сыйлык, планшет, диплом), Мирланова Гүлайым, дарылоо иши факультети, 3-курс, 13-группа (планшет, диплом).

Дагы бир байгелүү орунга орус тилинде баяндама жазган дарылоо иши факультетинин 3-курсунун студенти Максатбек Тойчуев ээ болду.

КММАнын жеңүүчү аталган студенттерин чын дилибизден куттуктайбыз.