22 Октябрь 2025
И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын орус тили кафедрасынын окутуучулар жамааты жана чет элдик студенттер Таш-Добо кампусунда социалдык-маданий адаптацияга багытталган иш-чара өткөрүштү.

Иш-чарада кыргыз элинин улуттук каада-салты тааныштырылып, улуттук тамак-аштардан даам татышты. Өзгөчө көңүл «Тушоо кесүү» салтына бурулду: кичинекей наристелердин тушоолору кесилип, ырым-жырым жасалды, ошондой эле 1-курстун чет элдик студентинин тушоосу да кесилди.
Иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлүп, студенттердин достугу чыңдалды жана кыргыздын маданий мурастары тааныштырылды.
