Миңдеген адамдын дартына даба тапкан Миталип Мамытов. Нейрохирургдун сүрөттөрү
0 19 Декабрь 2023

Миталип Мамытов 1939-жылы 16-декабрда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылында жарык дүйнөгө келип, бир жашында согушка кеткен атасынан айрылып, апасынын колунда өскөн. Мектепти аяктаган соң Кызыл-Кыядагы медициналык окуу жайды, борбор калаадагы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун артыкчылык менен бүтүргөн. Дарыгер оорукананын бөлүм башчысы, кафедра жетекчиси болуп эмгектенип 33 жашында Ленинградда кандидаттыгын, 48 жашында Киевде докторлугун жактаган. КРдин эмгек сиңирген дарыгери 60 жылдык эмгек жолунда 15 миңден ашык адамдын мээсине операция жасаганга үлгүргөн.

Мамытов 280ден ашык илимий иштин, 8 ойлоп табуунун, 22 рационалдык сунуштун автору. 84 жаштагы профессор азыр да бейтаптарды кабыл алып, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын неврология жана нейрохирургия бөлүмүн жетектеп келет.