18 Февраль 2025
2025-жыл 18-февраль КММАнын ректору, профессор Индира Кудайбергенова "Жугуштуу оорулардын актуалдуу көйгөйлөрү" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин БГМУ ФГБОУНУН өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында тараптар конференцияны өткөрүү маселелерин талкуулашты. Андан кийин, коноктор медакадемиянын кызматкерлеринин коштоосунда тарых жана пластика музейлерине барышты.