КММАда чет элдик студенттердин “Бүтүрүү – 2024” салтанаттуу Окумуштуулар кеңеши болуп өттү
7 Июнь 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 7-июнунда И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окуу англис тилинде жүргүзүлгөн дарылоо иши факультетинин чет элдик студенттердин окуусун бүтүрүүсүнө арналган салтанаттуу “Бүтүрүү – 2024” Окумуштуулар кеңеши болуп өттү. Жалпысынан бул факультетти алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн окууга келген 400дөн ашуун студент бүтүрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Пакистан Ислам Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хасан Али Зайгам, Медициналык академиянын ректору, профессор Индира Кудайбергенова жана дагы окуу жайдын кызматкерлери куттуктоо сөз сүйлөштү.

Элчи мырза өз сөзүндө: «КММА Кыргызстандагы эң байыркы окуу жай жана бул жактагы  медициналык билим берүү эл аралык стандарттардын бардык талаптарына жооп берээрин айтып өтүп. Окуу жай профессионалдык ишмердүүлүк үчүн зарыл болгон көндүмдөргө жана компетенцияларга ээ адистерди даярдап чыгарат жана бүгүнкү күндө КММАнын ар бир бүтүрүүчүсү ийгиликтүү ишке кирип, Пакистан Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагына чоң салым кошууда” деп белгиледи.

Бүтүрүүчүлөр Гиппократтын антын салтанаттуу түрдө айтыштып бүткөн соң, бүтүрүүчүлөргө дипломдор тапшырылып, иш-чаранын уюштуруучулары тарабынан концерттик программа аткарылды.