КММАда кардиологдордун конгресси жана Эл аралык симпозиум өттү
0 21 Сентябрь 2022

2022-жылдын 7-9-сентябрында И.КАхунбаев атындагы КММАда И.К.Вольский-Миррахимов атындагы факультеттик терапия кафедрасы тарабынан уюштурулган Кардиологдордун биргелешкен конгресси жана «Жибек жолунун медицинасы» эл аралык симпозиуму болуп өттү.

Иш-чара гибрид форматында 700дөн ашык дарыгерлердин катышуусунда өттү. Практиктер үчүн өзгөчө кызыгууну жараткан жүрөк-өпкө реанимациясы боюнча тренинг, муляждарда өткөрүлгөн жана электрокардиография боюнча тренинг болду. Кафедранын кызматкерлери тренердин милдетти аткарышты.

Мындан тышкары кафедранын кызматкерлери 5 баяндама жасашты. Айта кетсек, иш-чарада АКШ, Италия, Франция, Казакстан, Хорватия, Түштүк Африка жана Белоруссиядан келген профессорлор, окумуштуулар баяндоо жасашты.

Лекциялар, китепкана, окуу кабинеттери, музейлер, спорт аянтчалары менен таанышкан коноктор студенттер үчүн окууга жана кесипкөй өсүүгө эң ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн белгилешип, окуу жайды жогору баалап, КММА чындыгында эле Кыргызстандагы медициналык билим берүүнүн флагманы экенин белгилешти.