КММАнын делегациясы Өзбекстан Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик-медициналык академиясына барды
Өнөктөштүк 0 19 Май 2023

2023-жылдын 15-майынан 17-майына чейин Окуу-усулдук бөлүмүнүн башчысы Г.Исакова, билим беруу программаларын усулдук камсыздоону ишке ашыруу жана пландаштыруу секторунун башчысы М.Момушева жана Аскердик-медициналык кафедрасынын башкы окутуучусу, м/к запастагы полковниги М.Амракулов баш болгон Кыргызстандын Медициналык академиясынын делегациясы аскердик дарыгерлерди даярдоо боюнча тажрыйба алуу максатында Өзбекстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик-медициналык академиясына барды.

Сапардын жүрүшүндө илим чөйрөсүндө мындан аркы кызматташуу, эл аралык стандарттарга негизделген алдыңкы педагогикалык жана инновациялык медициналык технологияларды окуу процессине киргизүү, ошондой эле билим берүү тармагында заманбап талаптарга жооп берген профессордук-окутуучулук курамды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу маселелери каралды.