2025-жыл 24-январь Ж. Баласагын атындагы КУУнун биология, зоология, адам жана жаныбарлар физиологиясы кафедрасы академиялык мобилдүүлүктүн алкагында конок лекция уюштурду. И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасынын б.и.к., доцент Раимкулов Курсанбек Мамасалиевич атайын конок болуп, студенттерге "Кыргызстан калкынын паразиттик фаунасы жана анын мааниси"деген темада лекция окуду. Факультеттин бардык курстарынын 50дөн ашык студенттери, кафедранын окутуучулары катышып, үч саатка созулган лекция окутуучулар менен студенттердин кызыгуусун арттырды.
Лекциянын форматы интерактивдүү болуп, талкуу жана суроо-жооптор аркылуу катышуучулар процесске активдүү катышышты. Доклад республиканын ар кайсы региондорунун калкын изилдөөнүн жүрүшүндө алынган адам мите курттары жөнүндө уникалдуу маалыматтар камтылган көрсөтмөлүү слайддар, ошондой эле мите оорулары жөнүндө видеофильмдер менен коштолду. Студенттер активдүү катышышты. Иш-чаранын соңунда талкууга активдүү катышкандыгы үчүн К.М. Раимкулов студенттерди эстелик белектер менен сыйлады.
Ж.Баласагын атындагы КУУнун биология факультетинин жамааты кызыктуу жана билим берүүчү лекция үчүн К. М. Раимкуловго чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, жаңы илимий жетишкендиктерди, изилдөө жана окутуучулук ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, бекем ден-соолукту жана билимди келечек муундарга өткөрүп берүүдө түгөнгүс дилгирликти каалашты.