BAPIO Билим берүү академиясынын аткаруучу директору Сингал Параг КММАнын ардактуу профессору наамын алды
Өнөктөштүк 3 31 Май 2023

BAPIO Билим берүү академиясынын аткаруучу директору Сингал Параг Иса Ахунбаева атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ардактуу профессору болду.

2023-жылдын 29-майында Кыргыз медициналык академиясынын конференц-залында Сингал Парагга мантия жана “КММАнын ардактуу профессору” наамынын диплому тапшырылды.

Сингал Параг – м.и.д, ф.и.д, BAPIO окутуу академиясынын аткаруучу директору.

BAPIO индиялык дарыгерлердин өкүлү жана пациенттерге кам көрүү, профессионалдык өркүндөтүү жана билим берүүнү жактаган эң ири уюм.

Жолугушуунун жүрүшүндө КММАнын ректору Индира Кудайбергенова менен профессор Сингал Параг өз ара кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюшту.

Жыйынга окуу жайдын проректорлору жана кызматкерлери катышты.