Профессор П.Эфтехаринин КММАдагы иш сапарынын жыйынты
Өнөктөштүк 2 29 Ноябрь 2022

И.К.Ахунбаева атындагы КММАнын ректору, профессор Индира Кудайбергенова профессор Пьер ЭФТЕХАРИни кабыл алды.

Дагы бир жолу айта кетсек, профессор Эфтехари INOVIEM лабораториясынын президенти жана башкы окумуштуусу, INOVIEM SCIENTIFIC - эксперттик дары-дармектерди изилдөө кызматтарын көрсөткөн биотехнологиялык компания.

Жолугушууда тараптар ичеги жана эмчек рагы боюнча иш алып баруу үчүн протоколдорго кол коюшту, ошондой эле иш пландарын талкуулап, иш сапарынын жыйынтыгын чыгарышты.

Жолугушууга эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректору Гүлмира Жумалиева, илимий жана дарылоо иши боюнча проректору Ниязбек Маматов, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Гүлсүнкан Жунушалиева, Укуктук иштер жана адамдык ресурстар боюнча проректор Темирбек Жуманалиев катышты.