КММА жана Кытай тарабы эл аралык кызматташтык боюнча алкактык келишимге кол коюшту
Өнөктөштүк 7 Апрель 2025

2025-жылдын 7-апрелинде И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Кытай Эл Республикасынын “Искра” Айыл аймактарын калыбына келтирүү боюнча илимий-изилдөө институтунун делегациясы менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык кызматташтык боюнча алкактык келишимге кол коюшту.

Кытай делегациясын институттун директору Лю Хуаньли жетектеди. Ошондой эле делегациянын курамында котормочу жана И.Раззаков атындагы КарГТУнун профессору Сартов Таштанбай Ишенович болду. КММА тарабынан жолугушууга ректор Индира Кудайбергенова, проректор Ниязбек Маматов, окуу-методикалык бөлүмдүн башчысы Гүлнара Исакова жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Турниса Юсупова катышты.

Келишим медициналык билим берүү, илимий изилдөөлөр, академиялык алмашуулар, тажрыйба алмашуу жана квалификацияны жогорулатуу тармактарында кызматташууну карайт. Айрыкча, КММА менен Шандунь провинциясындагы эң ири медициналык мекемелердин бири болгон Бинчжоу шаардык эл ооруканасынын ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө көңүл бурулду.

Бул документ “Бир алкак — бир жол” демилгеси алкагындагы эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүнүн маанилүү кадамы болуп, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагындагы эл аралык долбоорлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.