КММА менен Кызыл жарым ай коому кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту
Өнөктөштүк 1 17 Июнь 2022

2022-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын Медициналык академиясында «Кыргызстанда комплекстүү кароону үй шартынды жүргүзүү» долбоорунун алкагында карыларды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди реабилитациялоо маселелерин талкуулаган тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго окуу жайдын проректору Кеңешбек Ырысов, кафедранын кызматкерлери, ошондой эле Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коомунун өкүлдөрү катышты. Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар улгайган адамдарды реабилитациялоонун жеке программасынын негиздери боюнча топтордо иштешип, алардын физикалык активдүүлүгүн жана кыймылдарын координациялоону баалоо үчүн практикалык көнүгүүлөрдү – тесттерди аткарышты.

Белгилей кетсек, тегерек столдун жүрүшүндө КММАнын ректору Индира Кудайбергенова менен Кызыл жарым ай коомунун президенти Чыңгыз Жакыпов кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Долбоордун алкагында КР Кызыл Жарым Ай коому тарабынан 1 тез жардам унаасы студенттерден турган ыктыярчыларга кары-картаңдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга акысыз тейлөө үчүн өткөрүп берилет.

Студенттик ыктыярчылар бригадасы бекер медициналык жардам көрсөтуп, керек болсо волонтерлор бейтапты ооруканага чейин жеткиришет.