КММА Тбилисидеги Америка ооруканасынын ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол койду
Өнөктөштүк 0 16 Май 2022

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы Тбилисидеги Америка ооруканасынын ортосунда кызматташуу келишимине кол койду.

Жолугушуунун жүрүшүндө оорукананын жетекчилиги менен студенттердин практика өтөөсү жана КММАнын окутуучуларынын стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Жыйынтыгында биздин студенттерди жана кызматкерлерди стажировкага жана оорукананын ар кайсы бөлүмдөрүндө иштөөгө бекер кабыл алуу, ошондой эле оорукананын алдыңкы адистеринин лекцияларын онлайн режиминде окуу, андан соң окууга баруу боюнча жана практикалык сабактарды оффлайн режиминде өткөрүү боюнча макулдашууларга жетишти.

Белгилей кетсек, Тбилисидеги Америка ооруканасы АКШнын Эл аралык өнүктүрүү финансы корпорациясынын (DFC) колдоосу менен жана Грузия мамлекетинин кызыкчылыгына ылайык негизделген.