КММА «Нефтяник» медициналык-санитардык бөлүмү АКнын ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимге кол койду.
Өнөктөштүк 0 23 Январь 2024

И.К.  Ахунбаева атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы «Нефтяник» медициналык-санитардык бирикмеси» акционердик коомунун ортосунда кызматташуу келишимине кол койду.  Макулдашууга ылайык, тараптар КММАнын клиникалык базасы катары «Нефтяник» медициналык санитардык пунктунун базасында ординаторлордун, клиникалык ординаторлордун, аспиранттардын квалификациясын жогорулатуу боюнча практикалык окууларды уюштуруу боюнча өз ара милдеттенмелерди алышат. «Нефтяник» МСБнын базасында студенттер үчүн стажировка, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү жана аспирантура деңгээлинде кош дипломдук программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштерди уюштурулат.

Келишимге университеттин ректору, профессор Индира Кудайбергенова жана «Нефтяник» медициналык-санитардык бирикмесинин башкы директору Д.В.Бажухин кол коюшту.