Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясы Европанын роботтук колоректалдык хирургия академиясы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту
Өнөктөштүк 0 19 Август 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 18-августунда, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясы Европанын роботтук колоректалдык хирургия академиясы менен нейрохирургия боюнча медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу,  изилдөөчүлөр, окумуштуулар жана Тараптардын өз ара кызыкчылыгы болгон чөйрөлөрдө маалымат алмашуу, ошондой эле илимий, клиникалык, лабораториялык изилдөөлөр, инновациялык медициналык технологиялар жаатында кызматташуу боюнча меморандумуна кол коюлду.

Ага Европа илимдер академиясынын роботтук колоректалдык хирургиясынын директору, профессор Амжад Парвайз жана КММАнын ректору, профессор Индира Кудайбергенова кол коюшту.

Жолугушууга университеттин окуу иштери боюнча проректору, профессор Кеңешбек Ырысов, КММАнын медициналык борборунун директору Муктарбек Искаков жана Медициналык борбордун хирургия бөлүмүнүн башчысы Бакыт Токтогазиев катышты.