КММА Фергана шаарынын Эл аралык медициналык университети менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду
Өнөктөштүк 19 Июль 2024
Бүгүн, 2024-жылдын 19-июлунда И.К.Ахунбаев атындагы КММАда ректор, профессор Индира Кудайбергенова менен «Эл аралык медициналык университетинин» (Фергана шаары) ректору Нурилло Мамасадиков жетектеген окуу жайдын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.
 
 
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар медицина жана табият таануу жаатындагы илимий-изилдөө ишмердүүлүгү, илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана кошумча билим берүү тармагында кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюшту.
 
 
Жыйынга проректорлор Н.Маматов, Г.Жумалиева, Т.Жуманалиев, ошондой эле КММА РДДБнун директорунун м.а. М.Байсалов катышты.
Андан соң коноктор кызматкерлердин коштоосунда КММАнын музейлерин көрүп чыгышты.