КММА Чыгыш Европа университети менен өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койду
Өнөктөштүк 1 16 Май 2022

И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясыГрузиянын Тбилиси шаарындагы Чыгыш Европа университети менен меморандумга кол койду.

КММАнын илимий жана медициналык иштер боюнча проректору Н.Маматов, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Т.Юсупова жана дипломдон кийинки медициналык билим берүү деканынын орун басары А.Кулжанова баштаган окуу жайдын делегациясы Чыгыш Европа университетинде болушту.

Талкуунун жүрүшүндө КММАнын “Вестник” журналында жарыяланган макалалар, мугалимдердин биргелешкен тренингдерге катышуусу, студенттердин биргелешкен конференцияларга жана жайкы мектептерге катышуусу, студенттер менен мугалимдердин академиялык мобилдүүлүгү, ошондой эле студенттердин жана окуу жайлырдын потенциалын жогорулатуу үчүн Эразмус+ грантына биргелешип арыз берүү иштери талкууланды.

Грузин делегациясы сентябрда КММАга барат, бул мамилелерди жана кызматташтыкты тереңдетүүгө өбөлгө түзөт.