КММА «Turkish health clinic» менен кызматташуу келишимине кол койду
Өнөктөштүк 1 26 Декабрь 2022

Жакында, КММАнын ректору, профессор Индира Кудайбергенова Кыргызстандагы биринчи онкологиялык ооруларды диагностикалоо жана визуализациялоо борборунун «Turkish health clinic» директору Микаэль Сурерди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар түрк клиникасы И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын клиникалык базасы болот деген келишимге кол коюшту. Келишимдин жоболоруна ылайык, Медициналык академиянын студенттери, ординаторлору клиникада стажировкадан гана өтпөстөн, кесиптик чеберчиликти да үйрөнө алышат.

Жыйынга окуу жайдын илимий жана дарылоо иштер боюнча проректору Н.Маматов, эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректору Г.Жумалиева жана нур менен дарт аныктоо жана нур менен дарылоо кафедрасынын башчысы А.Кадырова катышты.