КММА INOVIEM SCEINTIFIC менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду
Өнөктөштүк 1 25 Ноябрь 2022

Эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө салым катары жекелештирилген медицина жана билим берүү тармагындагы өз ара кызыкчылыктарды эске алуу менен, И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын ректору, профессор И.Кудайбергенова жана президент INOVIEM SCIENTIFIC президенти Пьер Эфтехари 2022-жылдын 25-ноябрында КММА жана INOVIEM SCEINTIFIC өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Доктор Пьер ЭФТЕХАРИ КММАнын өнөктөшү, INOVIEM SCIENTIFIC компаниясынын президенти, негиздөөчүсү жана башкы илимий кызматкери, Франциядан, Страсбург шаарынан келген. Страсбургдагы Луи Пастер университетинин фармакология адистиги боюнча биология илимдеринин кандидаты.

Анын компаниясы дарыларды табуу, клиникага чейинки жана клиникалык өнүгүү муктаждыктарына ылайыкташтырылган кызматтардын спектрин сунуштайт.