КММАга Индонезиядан делегация келди
Өнөктөштүк 0 23 Май 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 23-майында Индонезия Элчилигинин делегациясы И.К.Ахунбаев атындагы КММАга келди. Делегациянын курамында элчи мырза Сунарио Картадината, Рожита Джамавар айым, саясий маселелер боюнча жооптуу кызматкер жана Розалина Тобинг айым болду.

Иш сапардын максаты - Индонезиянын медициналык университеттеринин ортосунда кызматташтыкты орнотуу, биргелешкен илимий басылмалардын активдүүлүгүн жогорулатуу, кызматкерлердин жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн, жана ошондой эле кош окуу программаларын иштеп чыгуу боюнча иштерди баштоо. Коноктор университеттин кызматкерлеринин коштоосунда КММАнын кооз жерлерин, анын ичинде КММАнын тарых музейинин экспонаттары менен таанышты.